Ош облусунда коронавирус оорусун жашырып жүргөн жаран 5 жылга эркинен ажыратылат

Ош облусунда коронавирус оорусун жашырып жүргөн жаран 5 жылга эркинен ажыратылат

Ош облусунда коронавирус жугузуп алган жаран ооруканага кайрылбай, адамдар менен катташын токтоткон эмес. Кесепетинде илдет башка дагы кишилерге жуккан. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка караганда, бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

“Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, - деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты М.Нурдинов

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска чалдыккандардын саны 228 киши болду. Ичинен 19у дарыгерлер. Төрт киши набыт кетти.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.