05.03.2019 14:40

Ош облусунда көк бөрү оюну учурунда жаракат алган улакчы каза болду

Ош облусунда көк бөрү оюну учурунда жаракат алган улакчы каза болду

Ош облусунда көк бөрү оюну учурунда жаракат алган улакчы каза болду. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты. 

Маалыматка караганда, кырсык 28-февраль күнү болгон. 28 жаштагы улакчы Авазбек Майрамбек уулу көк бөрү оюну учурунда аттан кулап, башы менен тай казанга тийип, катуу жаракат алган.

Ага кечээ, 4-март күнү операция жасап жатышканда каза болуп калган.