08.05.2019 15:13

Ош облусунда жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды, бирөө - наристе

Ош облусунда жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды, бирөө - наристе

Ош облусунун Араван районунун Ачы айылында жол кырсыгы катталып, наристе жана эки чоң киши каза тапты. Бул тууралуу аймактык ЖКККБдан билдиришти.

Кырсык 7-май күнү Ош – Араван унаа жолунда болуп, Toyota Ipsum менен «ВАЗ 2106» унаалары кагылышкан. Кесепетинен ВАЗ айдоочусу, 60 жаштагы жүргүнчү жана  эмчектеги бала жеринде каза болушту. 

Экинчи унаанын 40 жана 32 жаштагы жүргүнчүлөрү, ошондой эле 6-9 жаштагы үч бала ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.