30.05.2019 15:17

Ош шаарында 8-класстын окуучусу алган жараатынан улам каза тапты

Ош шаарында 8-класстын окуучусу алган жараатынан улам каза тапты

Ош шаарында 8-класстын окуучусу алган жараатынан улам каза тапты. Бул туурасында шаардык ИИББ билдирди.

Маалыматка караганда, каза тапкан бала 15 жашта болгон. Ош шаарындагы «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин 8-классында окуган. Аны бычактаганга шектүү катары андан бир жаш улуу Д.у Н. кармалды. Ал Ош шаарындагы медреселердин биринде окуйт.

Тергөөнүн алгачкы маалыматтарына караганда, бүгүн, 30-майда саат 11лер чамасында балдар мектептен чыгып келе жатып, жакын жердеги дүкөндүн алдында өз ара айтышып кетишкен. Натыйжада шектүү маркумду учтуу нерсе менен сайып жиберген. Шаардык милицияга бул тууралу маалымат бсаат 11:02де түшкөн. 

Бала Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилип, ошол жактан каза тапты.