04.05.2018 10:31

Ош шаарында айдоочу адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Ош шаарында айдоочу адамды өлтүрө сүзүп, качып кеткен

Кечээ, 3-май күнү саат 22:30дар чамасында Ош шаарында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул туурасында Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Шаардагы Масалиев көчөсүндө 18 жаштагы жигит Nissan Primera үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып, азият улутундагы 40-50 жаштардагы кишини сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

"Ыкчам иликтөөлөрдүн жүрүшүндө айдоочу кармалды. Ал 2000-жылы туулган Т.Т. аттуу Ош шаарынын тургуну болгон. Ал Масалиев көчөсүнөн жолдо жөө өтүп бараткан адамды сүзгөн. Учурда каза болгон жарандын өздүгү тактала элек. Ал эми жол кырсыгы боюнча тергөө иштери башталып, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.