01.05.2020 15:44

Ош шаарында кайсы тармактар иштей баштаганы айтылды

Ош шаарында кайсы тармактар иштей баштаганы айтылды

Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул туурасында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов маалымат жыйында билдирди. Ал 1-майдан тартып калаада иштей баштаган мекеме-жайлардын тизмесин атады.

• Өнөр жай ишканалары;

• Курулуш тармагы;

• Транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү;

• Жеке нотариустар;

• Соода-сатык тармактары;

• Чач-тарач, сулуулук салондору;

• Уруксаты жана патенти бар такси кызматтары.

Ал эми жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга өткөрмө кагаз алууга жардам берилет.

Белгиленген бардык чөйрө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып барышы талап.

Белгилей кетсек, Ош шаарында жалпы 111 адам коронавирус жуктуруп алган, анын ичинен 72 адам  айыккан. Ооруканада 37 бейтап  дарыланууда. Илдеттен эки киши көз жумган.