29.09.2019 11:10

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» кабарчыларынын катышуусундагы окуя боюнча дагы эки арыз түштү

Ош ШИИБ: «Азаттыктын» кабарчыларынын катышуусундагы окуя боюнча дагы эки арыз  түштү

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы «Азаттыктын» кабарчыларынын катышуусундагы окуя боюнча шаар тургундарынан эки арыз түшкөнүн билдирди.  

Маалыматка караганда, 28-сентябрь күнү Ош шаарынын Супаналиев көчөсүнүн номери жок үйүнүн тургуну Н.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, өз арызында «28-сентябрь күнү эрте менен саат 08.00дөн тартып жашаган үйүнүн үстүнөн белгисиз дрон тынымсыз учуп, тынчтык бербестен видеотасмага тартып жатат, үйдө жашаган адамдардын коопсуздугуна шек келтирип, жеке жашоосуна кийлигишип, алардын өмүрүн коркунучка салып жатат. Бул адамдар кимдер, кимдердин буйругун аткарып жүрүшөт? Бирөөлөрдүн жеке менчик үйүн видеого тартканга кандай укугу бар? Буга чейин «Азаттык» радиосу жеке менчик ээсинин макулдугусуз видеотасмага алып, адамдардын жеке купуя жашоосун жыйнап жана ачыкка чыгарып келишкен. Аталган радионун журналист, операторлоруна карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүңүздү суранамын» деп билдирген.

Шаар тургунунун арызы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине саат катталып, кабарчылардан тартылып алынган видеоаппаратура акт түзүлүп, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына саат 20.24тө дагы бир арыз келип түшкөн. Арыз ээси, ошол эле Супаналиев көчөсүндөгү үй тургуну А. уулу О. короодо турса, башына дрон келип түшүп, натыйжасында денесине залал келтирилгендигин билдирген. Өз арызында дронду түшүрүп жиберген жарандарга карата чара көрүүнү суранган. Дрон аталган даректи кароо учурунда үйдүн короосунан ыкчам иликтөө тобу тарабынан алынган. Арыз саат 20.24тө кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Катталган арыздар боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Күбөлөр суралууда», -деп жазат Ош ШИИББ басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин Ошто бейтааныш адамдар «Азаттыктын» операторун муштап, жабдууларын тартып алган.