Оштогу дарыгер илдетти кантип жуктурганы айтылды

Оштогу дарыгер илдетти кантип жуктурганы айтылды

Ош шаарындагы оорукананын жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген дарыгерлердин бири кичи ажылыктан келген кошунасынын үйүнө барып, коронавирус жуктуруп алганы такталды. Ал оорукананын кызматкерлеринин баары коронавирус жуктуруп, бул бөлүм жабылып жатканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт дейт вице-премьер-министр Кубатбек Боронов.

«Ал умрадан келген кошунасынын үйүнө чайга барып жуктурган. Анализи чыкканга чейин өзү да байкабай иштеп жүрүп, кесиптештерине жуктурганы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди», - деди Кубатбек Боронов.

Ошондой эле коронавирус аныкталган дарыгерлердин баары эле вирусту жумуш учурунда жуктурбаганын белгиледи. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты дезинфекциялоо үчүн 2 күнгө убактылуу жабылып жатат. Тазалоо иштери аяктагандан кийин иштей турганы айтылат.

Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө  дагы 42 адамдан коронавирус табылып, илдетке кабылган  бейтаптардын жалпы саны 270 адамга жетти. Ал эми илдеттен 25 бейтап толук сакайып чыгып, эки адам каза тапкан. Илдетти жуктуруп алгандардын ичинен 32 адам медицина кызматкерлери.