Пакистанда дааватта жүргөн үч кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алышкан

Пакистанда дааватта жүргөн үч кыргыз жараны коронавирус жуктуруп алышкан

Пакистанда дааватта жүргөн үч кыргызстандык коронавирус илдетине чалдыгышты. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын 1950-ж.т., 1952-ж.т., 1959-ж.т. үч жараны Пакистандын Абботабад шаарында жүрүшкөн.   Бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясында дааватта болушкан.

Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.

Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып тураарын билдиришти.