Пакистанда коронавирус жугузган кыргыз жараны көз жумду

Пакистанда коронавирус жугузган кыргыз жараны көз жумду

Чет өлкөдө жүргөн бир кыргызстандык көз жумду. Анда коронавирус илдети бар болгон. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнчап Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, Пакистанда У.А. аттуу 1947-ж.т. кыргызстандык жүрөк оорусунан каза тапкан, анда COVID-19 инфекциясы да бар экени аныкталган.

“Көз жумган жарандын экинчи тесттеринин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен. Маркумдун туугандарынын макулдугу менен сөөк Пакистанга коюлду”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөөсү каза болуп, алтоосу обсервацияда калууда.

Бүгүн, 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын жалпы саны 298 кишиге жетти.  Ичинен 39у дарыгерлер.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.