19.03.2018 13:14

Пакистандык студенттерди карактоого шектелип, 3 жаран кармалды

Пакистандык студенттерди  карактоого шектелип, 3 жаран кармалды

Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан карактоо максатында кол салууга шектелип, 3 жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.  
18-мартта болжол менен 00:30 чамасында  «102» кызматына карактоо фактысы боюнча чалуу түшкөн. Окуя болгон жерге дароо  укук коргоо органдары  барган.

Пакистандан келген студенттер  жашаган батирге 3 белгисиз адам кирип, күч колдонуу менен  2 ноутбук, «Самсунг Галакси S8», «Самсунг Галакси S6», «Айфон 5S» жана  «Самсунг» маркасындагы 4 чөнтөк телефон, кол саат жана ичинде 4 миң сом бар капчыкты алып кетишкен.

Окуянын изин суутпай,  Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМ Академиясынын курсанттары менен бирге аталган кылмышка шектүү катары  төмөнкү жарандарды кармашты: А.А., 1997-жылы туулган,  К.Н.,2002-жылкы, жана  И.Э., 1999-жылкы. Үчөө тең убактылуу кармоочу жайга киргизилди.