18.04.2018 12:48

Пара менен Кыргызстанда дагы ким кармалган?

16-апрель күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Башкы прокуратуранын мамлекеттик айыптоолорду колдоо жана соттогу өкүлчүлүгү боюнча башкармалыктын жетекчиси Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармады. Негизинен Улан Чалбаев 500 миң доллар талап кылгандыгы айтылууда.

Бирок Чалбаев пара алууда кармалган жалгыз мамлекеттик кызматкер эмес. Чоң суммадагы акча алып, кармалгандардын тизмеси төмөнкү видеодо: