21.05.2020 17:28

Парламентте Арпачиевге мунапыс берилгени айтылды

Парламентте Арпачиевге мунапыс берилгени айтылды

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Башкы прокуратуранын  тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев мунапыс аркылуу боштондукка чыкканын билдирди.  Арпачиевге карата «Коррупция» беренесин «Кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деп өзгөртүп, мунапыс берилгенин сынга алды.

Жыйында 2019-жылы аткарган иштер тууралуу отчёт берген башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Кылычбек Арпачиевге карата козголгон кылмыш иштеринин беренелери өзгөргөнүн айтты.

«Ал буга чейинки мунапыс. Ал жерде беренелер квалификация болуп атат. Сот башка беренеге өтүп, ошону менен чечим чыгарып атат. Анан колдонуп атат» -деди Жамшитов.

 

Белгилей кетсек, Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев 2015-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун ишин жабыш үчүн андан 100 миң доллар пара талап кылган деген айып менен кармалган. Ошол учурда УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаковдон кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар талап кылган. Биринчи Май райондук соту аны «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча актап, «Опузалап пара талап кылуу» беренеси боюнча 14 жылга кескен.