12.03.2020 13:08

Парлмаментарий саламаттык сактоо министрлигине дары-дармектердин баасын туруктуу сактоону тапшырды

Парлмаментарий саламаттык сактоо министрлигине дары-дармектердин баасын туруктуу сактоону тапшырды

Парламентте дары-дармектердин баасын көзөмөлдөө сунушталды. Бул боюнча бүгүнкү жыйында депутат Иса Өмүркулов Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылды.

Эл өкүлү дары-дармектин баасы апта сайын өсүп бара жатканын белгиледи.

«Биз коронавирус коркунучу боюнча айтып жатабыз. Бирок, айрым фармацевтикалык ишканалар мындан ири пайда көрүүдө. Дары-дармектердин баасы катуу көзөмөлдөш керек. Алардын сактоо мөөнөтү дагы белгисиз. Айрыкча бюджетниктер менен пенсионерлер мындай баада сатып ала алышпайт», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы эпидемиялогиляык абал туруктуу экенин өкмөт байма-бай кабарлап келет. Ал ортодо Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебреесус Женевадагы жыйында COVID 19 вирусун пандемия деп атады.

Азыркы тапта COVID 19 оорусу дүйнөнүн 114 өлкөсүндө жайылып, 118 миң адамга жукту 4 291 киши каза болду.