28.11.2019 12:27

Премьер-министр коррупция тууралуу президент менен сүйлөшкөнүн айтты

Премьер-министр коррупция тууралуу президент менен сүйлөшкөнүн айтты

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңеш 2020-жылга карата бюджетти талкуулап жатат. Парламентке өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы чакырылган.

Министрлер кабинетинин башчысы отурумда ЖМКлар ачыктаган контрабандалык схемалардын чуулгандуу маселесине токтолуп кетти.

Өкмөт башчы Прездиент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырмалар берилгенин айтты.

«Силер дагы депутаттык комиссия түздүңөр. Өкмөт анын ишине катышып, жардам берүүгө даяр. Ошондой эле тергөөчү топ дагы түзүлдү, иштеп жатышат. Биздин ачык иштеп жатканыбызды эл билсин дейбиз. Коррупция менен күрөшүүгө биз дагы кызыкдарбыз», — дейт премьер-министр.

Мындан сырткары, өкмөт башчы баардык иликтөөлөр ачык өтөөрүн, ким эмнеге жооп берип жатканын коомчулукка кабарлап турушаарын бышыктады.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.