09.07.2018 17:57

Премьер-министр тоо-кен тармагынын учурдагы абалына бир топ сын айтты

Премьер-министр тоо-кен тармагынын учурдагы абалына бир топ сын айтты

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 9-июлда, тоо-кен тармагынын учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Анда өкмөт башчы  кен иштетүү тармагында кызыкдар органдардын аракетсиздигинен бир кыйла татаал жагдай түзүлгөнүн билдирди. Айтымында, учурда орун алган маселелер инвесторлордун ишин кыйындатып, экономиканын өнүгүүсүнө, ИДПнын көбөйүүсүнө, өлкөнүн имиджине жана анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет. 

«Калктын каршылык аракеттери негизинен кен иштетүүчүлөрдүн ишмердиги тууралуу ишенимдүү маалыматтын жоктугу, мүмкүн болгон экологиялык тобокелдиктердин жаралышына кооптонуу менен шартталган. Бул тууралуу Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинде, Жалал-Абад облусунун Бозумчак, Иштамберди жана башка кендерде болуп өткөн окуялар айтып турат. Тендердик процедуралардын  жетик эместиги бул тармакка инвестиция салууга даяр көптөгөн инвесторлорду артка түртөт. Мындан тышкары лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууну мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөө тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси биз үчүн башкы болушу кажет. Пайдалуу кендерди казуу  айлана чөйрөгө аз зыян келтирген заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Жакынкы убактарда тоо-кен иштетүү тармагынын маселеси Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, мында буга өзгөчө көңүл бурулат», - деп билдирди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов тоо-кен тармагындагы негизги маселелерди белгиледи, алардын арасында кен пайдаланууну мыйзамдык жөнгө салуу бар.

Ошону менен бирге Өкмөт башчы Мамлекеттик экотехинспекциясынын айрым кызматкерлери кендерди иштетүү учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын бузууларды аныктоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү багытында өз кызматтык милдеттерин аткарбай жатышканына токтолду. 

«Эгерде мындай инспекторлор жер-жерлерде өз иштерин аткара албай жатышса, аларга карата кызматынан бошотууга чейинки тиешелүү тартиптик жаза чаралары көрүлүшү керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо, кендерди иштетүүдө техникалык процесстерди сактоо, ошондой эле жерлерди рекультивациялоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге кендерде иштеген жергиликтүү жарандар үчүн жана чет элдиктерге бирдей эмгек шарттарын түзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев адистердин кендерге өз убагында чыгууларын камсыздоону, жер-жерлерде келишпестиктердин алдын алуу үчүн калк менен туруктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле кен иштетүү тармагындагы коррупция менен реалдуу күрөштү баштоону милдеттендирди.

Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө берилген тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жеке көзөмөлүндө болорун эскертти.