03.07.2018 10:44

Президент «алтын сертификатка» татыктуу болгон бүтүрүүчүлөргө ноутбук жана акчалай сыйлык тапшырды

Президент «алтын сертификатка» татыктуу  болгон бүтүрүүчүлөргө ноутбук жана акчалай сыйлык тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-июлда жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл алган мектеп бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификаттарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

«Бизде нефть жана газ жок жана дүйнөлүк рынокто биз билимибиз менен гана атаандаштык жарата алабыз. Билимдүү жарандар гана өлкөнүн атаандашуу жөндөмүн жана экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кыла алышат. Биздин жарандар кайсыл куракта, кайсыл жерде болбосун билимге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл. Билим гана дүйнөнү өзгөртөт, билим гана адамды максатка жеткирет. Мен Кыргызстандын келечегин сапаттуу билим алган татыктуу муундан көрөм», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков «алтын сертификаттардын» ээлерине кайрылып. 

Мамлекет башчысы Кыргызстанда он жетинчи жолу өткөрүлүп жаткан жалпы республикалык тестирлөө жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясын өткөрүүдө коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калганын белгиледи. 

«Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат».Силер Кыргызстанда 60 миңге жакын бүтүрүүчүнүн арасынан өзүңөрдүн билимиңер менен, эмгегиңер менен айырмаланып, эң жакшы бийиктиктерди багынтып отурасыңар, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүтүрүүчүлөргө кайрылып. — Силерге терең билим, татыктуу тарбия берип, ушул даражага жеткирген мугалимдердин жана ата-энелердин эмгеги чоң. Турмуш жолуңарга багыт берген мугалимдериңерди дайым ыраазычылык менен эстеп жүрөсүңөр деп ишенем». 

Мамлекет башчысы «алтын сертификаттардын» ээлерине бекем ден-соолук, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалады. Бүтүрүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана ноутбуктар тапшырылды. Жолугушуунун соңунда мамлекет башчысы менен эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Маалымат катары айта кетсек, быйыл «алтын сертификаттарды» Кыргызстандын жалпы билим берүүчү мекемелеринин 59 бүтүрүүчүсү алды. 2018-жылдын эң жогорку баллы 237 болду. КР Президентинин алкыш баракчалары менен сыйлоо аземине 59 бүтүрүүчүлөрдөн башка дагы ар бир облустан 7 бүтүрүүчү чакырылган.