Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Исабаев Санжар Мамадиярович Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. 

Санжар Исабаев 1981-жылы туулган. 2004-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган. Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси.

2005-жылдан 2015-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун аппаратында улук референт, улук консультант, бөлүм башчысы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын жардамчысы болуп эмгектенген. 2015-жылдан 2016-жылга чейин Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. 2016-жылдын апрель айынан 2018-жылдын май айына чейин Бишкек шаардык сотунда судьялык кызматты аркалаган.

2018-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.