13.03.2019 14:07

Сооронбай Жээнбеков судьяларды тозок менен коркутту. Юристтер буга эмне дейт?

Сооронбай Жээнбеков судьяларды тозок менен коркутту. Юристтер буга эмне дейт?

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында судьяларды Кудай менен коркутууга өттү. Мындай мүнөздөмөнү укук коргоочулар жана саясатчылар судьялардын XI курултайында өлкө башчынын айткан сөздөрүнө карата беришүүдө. Алардын айтымында, бүгүн бардык бийлик бутактары Президенттин колунан чыгарылып, тең салмактуулук сакталмайынча мындай таң калычтуу билдирүүлөр жаңыра берет.