13.07.2018 09:25

Президент Башкы прокуратурага М. Конгантиевдин кылмыш ишин изилдөөнү тапшырды

Президент Башкы прокуратурага М. Конгантиевдин кылмыш ишин изилдөөнү тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн Башкы прокуратурасына Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырды. Бул тууралуу Мамлекет башчысы 12-июлда Талас шаарында Талас облусунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда суроолорго жооп берип жатып билдирди.

Мамлекет башчысы 2018-жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы күрөшкө арналган жыйыны өткөнүн эске салды. Коопсуздук кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, кызматтык, экономикалык жана коррупциялык кылмыштар боюнча токтотулган кылмыш иштери өлкөнүн прокуратура органдары тарабынан иликтенип чыккан.

Республиканын прокуратура органдары көзөмөл иретинде 2010-2017-жылдарда бардыгы болуп 3408 кылмыш ишин — 2262 токтотулган жана 1146 жабылган кылмыш иштерин иликтеп чыгып, анын ичинен 498 токтотулган жана 85 жабылган кылмыш иштери боюнча иликтөөнү кайра жандантты. Иликтөөнүн натыйжасында акыркы процессуалдык чечим кабыл алынып, 51 иш сотко жөнөтүлгөн, ал эми 6 иш боюнча тергөө токтотулган. Калган кылмыш иштери боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

«Бул кылмыш иштеринин арасында 2010-жылы козголгон жана 2010-жылдын 28-сентябрында өндүрүштөн токтотулган мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата козголгон кылмыш иши дагы бар. 2018-жылдын 29-майында тергөө кайра жанданып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Мен Башкы прокуратурага бул кылмыш ишин изилдеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү тапшырдым», — деп белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы мурда токтотулган жана жабылган дагы 500дөн ашык кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын белгиледи.