07.06.2018 12:24

Президент каржы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент каржы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын финансы жана  экономика системасынын  кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Президенттин маалымат кызматы куттуктоо текстин таратты. 

Мамлекет башчысынын куттуктоосун толук келтиребиз:

«Урматтуу  Кыргыз Республикасынын финансы жана  экономика системасынын  кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Атаандаштыкка туруктуу заманбап экономика жана мамлекеттик финансыны натыйжалуу башкаруу системасы өлкөнүн  өнүгүшүнүн пайдубалы болуп саналат.

Коррупцияга жол бербөө жана көмүскө экономиканын деңгээлин төмөндөтүү  айрыкча көңүл бурууну талап кылат, бул бизге экономикалык милдеттерди тезирээк чечип, жарандарыбыздын жашоо-турмушунун деңгээлин көтөрүүгө жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Өлкөбүздүн финансылык туруктуулугу калктын бакубатчылыгын жакшыртуунун жана республикабыздын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн негизги фактору болуп саналат.

Мезгил экономиканы структуралык жактан жаңылоону, аны  интеграциялык процесстерге ылайык келтирүүнү жана тышкы таасирлерге туруктуулугун арттырууну талап кылат. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөрү жана башка өлкөлөр менен көп тармактуу экономикалык алакаларды түзүүдө өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жетекчиликке алууда. Биз үчүн өлкөнүн ички ресурстарын толугураак пайдалануу, экспортту өнүктүрүү үчүн ишкерлерибизге колдоо көрсөтүү маанилүү.

Азыркы шарттарда биз жаңы чакырыктарга жана проблемаларга ыкчам жооп берип, божомолдоонун жана стратегиялык пландоонун заманбап ыкмаларын колдонушубуз керек.

Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр алдыга коюлган максаттарга жетишүүгө өбөлгө болуп, экономиканын туруктуу өнүгүшүн жана финансы системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылаарына ишенем.

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык жана ишиңиздердин жемиштүү болушун каалайм».