Президент Манас Арабаевди кызматынан алды

Президент Манас Арабаевди кызматынан алды

Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев  кызматынан бошотулду. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Арабаев Манасбек Матаевич “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Буга чейин  мурунку депутат Карганбек Самаковдун жактоочулары президент аппаратында иштеген Манас Арабаев аттуу кызматкер сот иштерине кийлигишип  жатканын айтып чыгышкан эле.