Президент Нурсулу Ахметованы кызматтан бошотту

Президент Нурсулу Ахметованы кызматтан бошотту

Нурсулу Ахметова Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы кызматынан бошотулду, деп билдирет мамлекет башчынын маалымат кызматы. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Ахметова Нурсулу Меирбековна ээлеген кызматынан бошотулду.