19.03.2018 16:32
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Бул тууралуу Президент Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Федерациясынын Президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктап, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди каалады.
Мамлекет башчылары аңгемелешүүнүн жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында кызматташуу жана ошондой эле Россия Федерациясында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынын талкуулашты.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: