12.07.2018 11:30

Президент Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине барды

Президент Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-июлда Талас районундагы «Манас-Ордо» улуттук комплексине баруу менен өзүнүн Талас облусу боюнча жумушчу сапарын баштады. Бул туурасында президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Андан соң мамлекет башчысы Талас районундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр авто жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул долбоорлор боюнча маалыматты КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарбы мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев жана КР транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов беришти.

Жумушчу сапарынын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Чынгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, андагы «Чынгыз-Ордо» маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышат.

Президент ошондой эле облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөлөрдөгү абал менен жана региондун транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат.

Маалымат иретинде айта кетсек,  Таш-Арык айылындагы жалпы наркы 57 339 442 сомдук  140 орундуу балдар бакчасынын курулушу быйыл, 2018-жылы аяктайт.

Азия Өнүктүрүү Банкы донор болуп эсептелген Талас облусун бүт камтыган Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоо долбоорунун 3-фазасы 2018-жылы аяктайт. Бул долбоордун кийинки 4-фазасы 2019-жылы башталат, анын алкагында Казакстандын Тараз шаарына чейинки жол реконструкцияланат.