Президенттик аппараттагы Нурсулу Ахметованын ордуна Данияр Иманалиев барды

Президенттик аппараттагы Нурсулу Ахметованын ордуна Данияр Иманалиев барды

Данияр Иманалиев Президенттин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  кол койгон  Жарлыкка ылайык, Иманалиев Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Буга чейин бул кызматты Нурсулу Ахметова ээлеп келген.