01.06.2018 13:42

Президенттик кол тийбестикти алып салуу демилгеси

"Мурдагы жана азыркы Президенттердин кол тийбестик укуктарын депутаттардыкына теңөө абзел" деген маанидеги мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтына илинди. Документти коомдук талкууга депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев алып чыгышты. Алар Президенттин ишмердигинин кепилдиктери боюнча мыйзамдарды өзгөртүп, азыркы жана мурдагы президенттердин жоопкерчилигин көтөрүүнү максат кылып жатышат.