10.12.2019 13:01

Президенттин ишмердүүлүгүнө элдик курултай баа берет

Президенттин ишмердүүлүгүнө элдик курултай баа берет

8-февралда Бишкекте саясий күчтөрдүн курултайы өтөт. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага оппозиционерлер менен бирге Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдогондор дагы чакырылган.

«Күн тартибинде бир катар суроолор каралат. Тагыраагы Сооронбай Жээнбековдун ишине баа берүү. Ошондой эле депутаттык корпус, Мухаммедкалый Абылгазиев кызматында өзүн кандай көрсөтө алганын талкуулайбыз. Эгер форумдун катышуучулары канааттандыраарлык баа бербесе, анда парламент менен өкмөттүн отставкасын талап кылабыз », -  деп белгилешти.

Элдик демилгенин авторлору жумурай журттун добушуна дагы эки маселе койгону турушат:

  1. Башкаруунун кандай формасын тандайсыз – парламенттик же президенттик;
  2. Кыргызстанда кандай шайлоо системасы болушу абзел?

Кыргызстандагы Башкы мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча акыркы референдум 2016-жылы 11-декабрда болгон. Жалпысынан эгемендүүлүк алгандан тартып 8 элдик курултай уюштурулуп, баардыгы тең конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча демилгеленген.