25.02.2020 12:33

Профсоюздун мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялашты

Профсоюздун мүчөлөрү нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялашты

Бишкекте бүгүн, 25-февралда Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновдун кызматтан кетишин талап кылган акция өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары Асанакуновго «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген өңдүү кинелерди коюшууда. Нааразы тарап «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорунун кабыл алынышына да каршы чыгып жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы жазып чыкты.

Уюштуруучулар нааразылык акциясына кесиптик кошуундардын 200дөй мүчөсү чыкканын, төрт киши Асанакуновдун иш бөлмөсүндө ачкачылык кармап отурганын билдиришти.

Мындай нааразылык былтыртан бери улантып келе жатат.

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту былтыр канааттандырып, бирок Жогорку сот быйыл январь айында жокко чыгарган.

Бул кызматка Асанакунов 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеп келген.