19.04.2019 17:20

Рафаэль Физиев: UFC’де өзүмдү көрсөтүүгө даярмын

Рафаэль Физиев: UFC’де өзүмдү көрсөтүүгө даярмын

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC’де алгачкы беттешин өткөрөт. Мушташ 20-апрелде саат 20:00дө Санкт-Петербургда болот. Анын атаандашы - орусиялык мушкер Магомед Мустафаев.  

Рафаэль Физиев UFC Russia’га алдыдагы беттеш жана эже-сиңди  Шевченколор тууралуу маек берди.

- Атаандашым – олуттуу, бул менин аралаш мушташтагы карьерамда катуу сыноо болот.  Сокку берүүчүнүн планы ар дайым бирдей: мушташта өз стилиңди таңуулоо.

- Эже-сиңди Шевченколор менен сүйлөшөсүңбү? Сиздин жердештериңиз го.

- Албетте, сүйлөшүп турабыз. Мамилебиз жакшы. Алар бир аз убакыт мурун  Tiger’ге келип кетишкен, болбосо, көптөн бери жолуга элекпиз. Алар Америкада ар кайсы жактарга көп чыгып кетишет. Сейрек жолуксак да, мамилебиз жакшы.

- Сен аларды Кыргызстанда кандай тосуп алганын көрдүңбү? Сени да ошондой тосуп алууларын каалайт белең?

- Мен Валентинаны ошентип тосуп алышаарын билгем. Аны коңшу мамлекеттердин президенттеринен да мыкты тосуп алышмак. Анткени, бизде спортту,  аралаш мушташты аябай жакшы көрүшөт.