08.08.2018 15:34

Ракты да, мелдешти да жеңгендер. Жеткинчектер Россиядан 7 медаль менен кайтышты

Ракты да, мелдешти да жеңгендер. Жеткинчектер Россиядан 7 медаль менен кайтышты

Жеңүүчүлөрдүн бүткүл дүйнөлүк балдар оюндарына катышкан кыргызстандык балдар мекенине бүгүн, 8-августта жеңиш менен кайтып келишти. Иш-чара  3-5-августта Россиянын Москва шаарында  өткөн. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.

«Помогать легко» коомдук фондунун жетекчиси Динара Аляеванын айтымында, бул кыргызстандык жеткинчектердин 9-жолу болуп жаткан Жеңүүчүлөрдүн бүткүл дүйнөлүк балдар оюнуна биринчи жолу катышуусу.  

«Бул рак оорусун жеңген балдар арасында өткөрүлчү эң ири турнир, ал балдарга оору тууралуу унутуп, активдүү жашоого кайтууга жардам берет. Ошондой эле, Оюндар балдардын кубанычка толгон көздөрү аркылуу ата-энелерге да күч берип, ооруп жаткандардын ата-энелерин да үмүт үзбөөгө жана оору менен күрөштү улантууга үндөйт», - деп билдирди Аляева. 

Анын айтымында, Оюнга барган 9 кыргызстандыктын жетөөсү жеңиш менен кайтышты: эки алтын, үч күмүш жана 2 коло медаль. 

Жеңүүчүлөр оюндарында жеткинчектер спорттун 6 түрү боюнча таймашкан: сууда сүзүү, жеңил атлетика, стол тенниси, шахмат, пневматикалык куралдан ок атуу жана футбол. Катышуучулардын курагы — 7ден 16 жашка чейин. 

Бул Россиялык «Подари жизнь» кайрымдуулук фондусунун эң ири ыктыярдуу долбоору болуп калды. Ага Россия, Белоруссия, Египет,  Германия, Индия, Латвия, Турция, Украина, Кыргызстан жана башка мамлекеттерден баш-аягы 500 бала катышты.