Ремонт жүрүп жаткан Кемин аймактык ооруканасында мобилдүү клиника иштеп жатат

Ремонт жүрүп жаткан Кемин аймактык ооруканасында мобилдүү клиника иштеп жатат

Чүй областына караштуу Кемин районунда жайгашкан аймактык оорукана толук оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

91 орунга эсептелген мекеменин ремонт иштери үчүн  республикалык бюджеттен 20 млн. сом каражат бөлүнгөн. Жетекчилик оорукана имаратын чатырынан баштап биринчи кабатына чейин оңдоп чыгуу үчүн 14 млн. 800 миң сомго тендер өткөргөн.

«Учурда оңдоп түзөө иштерине байланыштуу, бейтаптарды Чүй райондук жана Токмок шаардык ооруканалар кабыл алып жатышат. Ал эми бизде биринчи ыкчам жардам көрсөтүү үчүн 4 гана интенсивдүү терапия  орундары бар. Азыркы учурда оорукананын аймагында  мобилдүү клиника иштеп жатат», -деп билдирет оорукана жетекчиси Назарбек уулу Алмаз. 

Мобилдүү клиникада 3 кабинет иштейт: врач-гинеколог, терапевт, педиатр. Ошондой эле ВИЧ, вирустук гепатитти, жыныстык катнаштан жугуучу инфекцияларды ж.б ооруларды аныктоочу экспресс-тест лаборатория кабинети иш жүргүзөт.

 «Биз бул жерде таңкы 8.30 дан баштап акысыз .жардам көрсөтөбүз. Каалоочуларды жана жардамга муктаж баардык бейтаптарды кабыл алабыз. Жыл бою Чүй облусун кыдырып, дарыгерлер жок, жада калса фельдшерлери жок алыскы аймактарга, керек болсо Суусамыр жайлоосуна чейин барабыз. Медициналык кеп-кеңешке муктаж болгондордун санына жараша бара турган жерибиздин графигин түзөбүз. Шашылыш кырдаалдарда тез жетүүгө аракет кылабыз», -дейт аталган кызматтын координатору Бурул Рысалиева.

Дөңгөлөк үстүндөгү амбулатория жана  жабдыктарды  Россия Федерациясы белек катары тартуулаган. Учурда биздин республикада мындай унаадан төртөө: Ошто, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө жана Чүй облустарында бар.