Республикалык штаб: Караколдо көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат жалган (видео)

Республикалык штаб: Караколдо көп кабаттуу үйдүн эшиги ширетилген деген маалымат жалган (видео)

Каракол шаарынын Кирпич заводунун аймагындагы №55-үйдү курчоого алуу боюнча Республикалык штаб үн катты. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөнү айтылат.

«5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, шаардык штаб Кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алынуу чечкен. Анткени, бул үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан. Бул жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган. Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө сварка аппаратын колдонуу менен подьездин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Караколдогу кирпич заводунун аймагындагы көп кабат үй курчоого алынып, үйдүн кире беришиндеги эшиктерине сыртынан кулпу салынганы туурасында маалымат чыккан. Жашоочулар бекитилген үйдүн ичинде калганы айтылган болчу. Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары жогоруда сөз болуп жаткан үйдүн эшиктери ширетилип кулпу салынганын айтышып, сүрөт, видеолорду жайгаштырышууда.