30.11.2019 15:31

Р.Матраимовдун Дубайда дагы эки батири бар - "Үмүт 2020"

Р.Матраимовдун Дубайда дагы эки батири бар - "Үмүт 2020"

«Үмүт 2020» саясий кыймылы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындарынын Дубайда кымбат балуу батирлери бар экенин айтып чыкты. Саясий кыймыл тараткан видеодо Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жалпы баасы 5,5 млн. доллар деп бааланган эки батири бар экени айтылат.

“Мындай батир алуу үчүн жөнөкөй дарыгер, милиция, бажы кызматкери 2777 жыл иштеши керек”, – деп айтылат видео кайрылууда. Саясий кыймыл бийликтен Матраимовдорду жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Матраимовдор бул маалыматтар боюнча азырынча үн катыша элек.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.