26.03.2020 13:35

Россия бардык өлкөлөр менен авиакаттамдарын жабат

Россия бардык өлкөлөр менен авиакаттамдарын жабат

Коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында Орусия бардык авиакаттамдарды токтотот. Чет жактагы бардык орус жарандарын алып келиш үчүн учактар жиберилет. Тиешелүү чара эртең, 27-марттан тартып күчүнө кирет.

Чет өлкөдөн келген орусиялыктар милдеттүү түрдө эки жумалык карантинге алынат. «Аэрофлот» компаниясы ушул күнгө карата 94 эл аралык каттамдын 92син жапканын билдирди.

Орусияда бир жумалык эс алуу жарыяланган. Буга байланыштуу баш калаа Москвада бардык дүкөн-ресторандар, коомдук көңүл ачуучу жайлар жабылат. Азык-түлүк саткан дүкөндөр ачык болот.

Орусияда коронавирус жуккан адамдардын саны 650дөн ашты. Үч киши көз жумду.