03.02.2020 11:00

Россия Кыргызстанга коронавирустун инфекциясын аныктай турчу атайын жабдыктарды берет

Россия Кыргызстанга коронавирустун инфекциясын аныктай турчу атайын жабдыктарды берет

Коронавирусту аныктай турчу жабдыктар Кыргызстанга алынып келинет. Атайын жабдууну бир катар КМШ өлкөлөрүнө Россия берүүдө.

Россиянын Кардарлардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы буга чейин ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрү: Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга берген. Бул тууралуу аталган мекеменин сайтында маалымдалат.

Атайын жабдык вирустун инфекциясын аныктай турчу тест-система болуп эсептелет. Бул аппараттар жакында Кыргызстан менен Тажикстанга келээри күтүлүүдө.

Эске салсак, эпидемия декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарында башталган. Көптөгөн өлкөлөр бул шаардагы жарандарын чыгарып кетип, кытай туристтерине виза берүүнү убактылуу токтотушту.

Соңку билдирүүлөргө караганда, Кытайда өпкөнүн сезгенишине алып келчү жаңы коронавирустан 361 адам өлүп, вирусту жугузгандардын саны 17 205 миң кишиге чамалады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 1-февралда билдирүү таратып, бардык мамлекеттерди жер-жерлерде коронавирустун жайылышына даяр болууга чакырган.

Акыркы эки күндө Орусияда, Улуу Британияда жана Швецияда вирусту жугузган адамдар катталды. Коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн АКШ жана Австралия соңку эки аптада Кытайда болгон адамдардын өлкөгө киришине убактылуу тыюу салды.