23.01.2020 10:27

Россия: жол кырсыгына кабылган 5 кыргыз жараны каза тапты

Россия: жол кырсыгына кабылган 5 кыргыз жараны каза тапты

Кыргызстандыктар Россияда жол кырсыгына кабылып, 5 жаран мерт кетти. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Орусиянын Челябинск облусунда кыргызстандык номурлуу унаа жол кырсыгына кабылып, ичиндеги баардык жүргүнчүлөр набыт болгон.

Кырсык күн мурун, 22-январда Челябинск — Троицк жолунда болгон. Анда КамАЗ менен Honda Odissey унаалары кагышкан.

Тактала элек маалыматтарга ылайык, кырсыкка аба-ырайынын катаал шарты себеп болгон.

КамАЗды 33 жаштагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал жабыркаган эмес. Ал эми каза болгон 5 эркек киши Кыргызстандын жарандары деп айтылууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалыматты тастыкташты.