01.07.2019 11:21

Россияда кыргызстандык мигрант бийиктиктен кулап каза тапты

Россияда кыргызстандык мигрант бийиктиктен кулап каза тапты

Россиянын Ленинград облусуна караштуу Выборг шаарында кыргызстандык мигрант бийиктиктен кулап түштү. Бул туурасында орус ЖМКлары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 28-июнь күнү кечке маал полиция бөлүмүнө шаардын Ленин көчөсү 20 дарегиндеги үйдө 22 жаштагы кыргызстандык жаран кабаттуу үйдөн кулап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Алган жаракаттарынан жигит «тез жардам» кызматы келгиче эле каза тапкан. Анын Россияда мыйзамдуу иштеп жүргөнү айтылат. 

Күч органдары кырсык капиталдык ремонт учурунда жүз бергенин аныкташты. Орусиялык маалымат агенттиктери билдиргендей, аталган үйдө өткөн жылдан бери оңдоо иштери жүрүп жаткан.