04.05.2018 15:23

Россияда уулдарын куткарам деген карыя таң аткыча кудукта отурган

Россияда уулдарын куткарам деген карыя  таң аткыча кудукта отурган

Омск  шаарынын чет жакасында кудукка түшүп кеткен эки уулун чыгарам деген карыя өзү да түндү кудукта өткөрүүгө аргасыз болду. 

Кырсык Омск шаарынан алыс эмес айылда болгон. Алдын ала маалымат боюнча  42 жана 44 жаштагы  бир туугандар спирт ичимдиктерин ичип отуруп, тамашалашып, күрөшүп кетишкен.  Бир маалда  оозу ачык турган, тереңдиги 20 метрге жеткен кудукка  экөө тең кулап түшкөн. Кудуктун ичинде суу болгон эмес. Эки бир тууган алган жаракатынан ошол жерде көз жумган.

Алардын атасы, балдары өлүп калганын билбей жардамга чуркаган. Резина шланг менен кудукка түшүп баратканда, ал үзүлүп кеткен.

Карыя ал түндү эки баласынын жансыз денеси жаткан кудукта өткөрүүгө аргасыз болгон.

12 сааттан кийин кошуналары жардамга чакырган үндү угуп, куткаруучуларга билдиришкен.

Бул факт боюнча “Өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгону айтылат.