26.03.2018 11:53

Россиядагы соода борборунан чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 53 адамга жетти

Россиядагы соода борборунан чыккан өрттөн каза тапкандардын саны 53 адамга жетти

Жекшемби күнү Кемерово шаарындагы   "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан  өрттөн каза тапкандардын саны 53  адамга жетти.  

Жапа чеккен 12 адам ооруканага жеткирилип,   36 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.  Дагы 16 адам изделүүдө. Бул тууралуу ТАСС агенттиги билдирет.

Борбордогу үч кинозалдын экөө өрттөн улам 4-кабаттан 3-кабатка түшүп кеткен.  Өрттүн очогу дал ушул залдардын биринен чыккан деген божомол бар.

Буга чейин маалымат булактарында 37 адам каза тапканы тууралуу айтылган. Издөө иш чараларынын натыйжасында куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөр күлдүн арасынан адам сөөгүн таап чыгышууда.