24.05.2020 13:01

Россиянын Оренбург облусунун талаасында күн кечирген 413 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти

Россиянын Оренбург облусунун талаасында күн кечирген 413 кыргыз жараны мекенине кайтып келишти

Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районунун талаасында күн кечирген 413 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, 24-майда Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан берилген 9 автобус менен Казак Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик коридордо 2 сутка аралыгында келишкен.

Бардык келген адамдар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле маалда, КР ТИМ Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия-Казакстан чек арасы тарапка анын ачылышы расмий жарыяланганга чейин барбай турууга, алардын жакындарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбоого, жүргөн өлкөнүн бийлигин жүйөөлүү эмес чараларды кабыл алууга мажбур кылбоого, эмоцияга алдырбоого, кокустук аракеттерди жасабоого жана коопсуз жайлардагы авиациялык жана жүргүнчүлүк билдирүүнүн жандандырылышын күтүүгө чакырат.