01.05.2020 09:00

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустинден коронавирус табылды

Россиянын премьер-министрине коронавирус жукканы белгилүү болду. Россия өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруу биринчи-вице-премьер-министр Андрей Белоусовго жүктөлдү. Бул тууралуу Мишустин бейшемби күнү «Россия 24» каналынын эфиринде билдирди.

«Урматтуу Владимир Владимирович, менин коронавирусту текшерүүгө тапшырган тесттин жыйынтыгынан илдет бар экени тастыкталды. Буга байланыштуу жана Роспотребнадзордун талаптарына ылайык, мен изоляция талаптарын сактап,  дарыгерлердин көрсөтмөлөрүнө баш ийишим керек. Бул менин кесиптештеримди коргоо үчүн жасалышы керек »- деди Мишустин.

Ошондой эле Мишустин өкмөт ишин штаттык режимде улантаарын, кесиптештери жана президент менен телефон, видео байланышта болоорун кошумчалады. Россиялыктарга кайрылып, өлкөдө киргизилген чектөөлөргө олуттуу кароого чакырды.

Соңку маалыматтарга караганда Россияда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 106миң 498 адам,  11 619 адам ооруну жеңди. Эпидемия мезгилинде көз жумгандар саны 1073 адамга жетти.