02.05.2020 11:44

Саатына, караган бейтаптын санына жараша. Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине канча каражат төлөнөөрү айтылды

Саатына, караган бейтаптын санына жараша. Коронавирус менен күрөшкөн медицина кызматкерлерине канча каражат төлөнөөрү айтылды

Медицина кызматкерлерине март айында 34 миллион сомдон ашык компенсация төлөндү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин Каржы саясаты башкармалыгынын башчысы Мирлан Атакулов билдирди.

Маалыматка караганда, март айында коронавируска каршы күрөшкө тартылган 6036 медицина кызматкерине берилген компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 34 млн 963 миӊ сомду түздү. Ичинен:

Карантиндик-казармалык аймакта, тагыраагы стационарда иштегендер күнүнө акча алышат:

  • Дарыгерлер – 2300 сом
  • Орто медперсонал – 2000 сом
  • Кенже мед жана техперсонал – 1800 сом.

“Карантиндик-казармалык аймакта иштеген медкызматкерлер тобокелчилик тобуна кирет, анткени алар ооруну жуктурган бейтаптар менен түздөн-түз иштешишет. Алар түзүлгөн график боюнча эмгектенип, эгерде медкызматкер стационарда 15 күн иштеп чыкса, ал 14 күнгө изоляцияга алынат. Ошондуктан ага обсервацияда жаткан ар бир күнү үчүн 900 сомдон төлөнөт”, - деп айтылат маалыматта.

График боюнча, суткасына иштегендерге (жумуш күнү бүткөн соӊ, үйүнө кетишет) саатына төлөнөт:

  • Дарыгерлер – 100 сом
  • Орто медперсонал – 90 сом
  • Кенже мед жана техперсонал – 80 сом.

Тез жардам кызматында иштегендерге төлөмдөр ар бир бейтапты ооруканага жеткирүүгө жараша чегерилет:

  • Дарыгерлер – 600 сом
  • Орто медперсонал – 500 сом
  • Кенже мед жана техперсонал – 400 сом.

Эске салсак, мурдараак өкмөт коронавирус илдетин жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом, эгер өлүп кала турган болсо 1 милион сом төлөп берээрин билдирген эле.

Бүткүл өлкө боюнча короанвирус илдетине чалдыккандардын саны 769 кишиге жетти. Алардын ичинен 200 учур медицина кызматкерлери.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген. Апрель айынын соңунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.