05.03.2020 09:00

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Жогорку Кеештин кызматкерлерин жулмалаган аялдар кармалды

Садыр Жапаровду колдоо митинги: Жогорку Кеештин кызматкерлерин жулмалаган аялдар кармалды

Жогорку Кеңештин кызматкерлерин жумалаган Садыр Жапаровду колдоо митингинин катышуучулары табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алардын биринин өздүгүнү такталып, 1973-жылы туулган Ч.Н. аттуу жаран Бишкек ШИИББге жеткирилди.

 «Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Топтолгон материалдын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилмекчи, тактап айтканда беренени квалификациялоо каралат», — дейт ИИМдин басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаровду колдоо митингине катышкан аялдар Жогорку Кеңештен чыгып бара жаткан аппарат кызматкерлерин жулкулап, сөгүп, кол көтөрүшкөн. Социалдык тармактын колдонуучулары аларды жоопко тартууну талап кылган.

ИИМдин маалыматында, аялдарга карата тиешелүү чараларды көрүп үчүн арыз менен Жогорку Кеңештин кызматкерлери дагы кайрылган.