18.02.2020 16:09

Садыр Жапаровдун штабынан тыңшоочу аппарат табылды. Ага ким кызыкдар?

Садыр Жапаровдун штабынан тыңшоочу аппарат табылды. Ага ким кызыкдар?

Күн мурун, 17-февралда учурда камакта отурган Садыр Жапаровду колдогон кыймылдын офисинде тыңшоочу аппарат табылган. Бул тууралуу «Садыр Жапаровго боштондук» кыймылы маалымдаган.

Маалыматка караганда, тыңшоочу аппаратты 17-февраль күнү кечинде штабдын мүчөлөрү таап алышып, милицияга кабарлашкан.

Окуя болгон жерге Бишкектин Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери келип, тыңшоочу аппарат экенин ырасташкан.