27.08.2019 11:22

Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилеби? ЖАМК жообу

Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилеби? ЖАМК жообу

Садыр Жапаровго баласынын тажиясына катышууга уруксат берилди. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Эске сала кетсек, кечээ, 26-август күнү Садыр Жапаровдун улуу баласы, 27 жаштагы Дастан Садыр уулу жол кырсыгынан каза болгон.

Абактагы саясатчыны уулун акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө катыштырууга уруксат алуу үчүн жактоочусу Шарабидин Токтосунов президентке жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына кат жолдогон.  Мекеме ал маселе бүгүн, 27-августта чечилерин билдирген. 

Дастан Садыр уулунун сөөгү Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында эртең, 28-августта саат 11:00дө коюлат.