19.06.2019 18:05

Сагынбек Абдрахмановдун КСДП боюнча доо арызы каралган жок. Себеби

Сагынбек Абдрахмановдун КСДП боюнча доо арызы каралган жок. Себеби

Бүгүн, 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда КСДПнын 6-апрелде өткөн съездин «жараксыз» деп табуу боюнча Сагынбек Абдрахмановдун доо арызы каралган жок. Бул тууралуу April.kg порталына партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү, юрист Нурбек Касымбеков билдирди.

Анын айтымында, райондук соттун талаш өндүрүшкө алынгыча Абдрахмановду «КСДПнын мыйзамдуу жетекчиси» деп аныктама чыгарышы туура эмес. Мындан улам, Асель Кодуранова башында турган КСДП Биринчи Май райондук сотунун аныктамасына каршы Бишкек шаардык сотуна доо арыз жолдоду. Эми аныктаманын мыйзамдуулугун Бишкек шаардык соту карап чыккан соң гана, Биринчи Май райондук соту тараптардын талашын карап чыгат.

Окуянын чоо-жайы

18-апрелде Юстиция министрлиги юридикалык жактардын электрондук маалымат базасындагы «Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын» документине өзгөртүүлөрдү киргизип, Алмазбек Атамбаевдин аты жазылган жерге КСДПга эч тиешеси жок, бирок акыркы кезде экс-президенттен партияны талашып жүргөн Сагынбек Абдрахмановду жазып койгон. 

Буга нааразы болгон ксдпчылар Юстиция министрлигинин жетекчилерин жоопко тартууну талап кылып башкы прокурорго кайрылуу жолдошкон.  7-майда Башкы прокуратура доо арызды каттоого алып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

25-май күнү партия лидери Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагалыгынан жана партия мүчөлүгүнөн убактылуу кетип, ордуна Асель Кодуранова келген.

28-майда партия өкүлдөрү Юстиция министрлигине бирдиктүү реестрге партиянын төрагасынын милдетин аткаруучу катары Асель Кодуранованы каттоо арызы менен кайрылышкан. 

Бирок, 7 жумушчу күндөн кийин министрлик КСДП жетекчиси катары Асель Кодуранованы жазуудан баш тарткан.

Юстиция министрлиги жүйөө катары Биринчи Май райондук сотунун  7-июнда чыгарган Аныктамасын келтирген. Ал документте Сагынбек Абдрахманов КСДПнын ушул жылдын 6-апрелинде өткөн XVIII съездин «жараксыз» деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы, мындан улам, Юстиция министрлигине  «2019-жылдын 3-апрелиндеги партиянын 18-съездинде мыйзамдуу шайланган КСДПнын жаңы жетекчилигинин (төрага Сагынбек Абдрахмановдун жана Саясий кеңештин) кайрылуусунан башка учурларда бирдиктүү реестрде Кыргызстан Социал-демократиялык партиясына байланыштуу кандайдыр-бир өзгөртүү киргизүүгө тыюу салынганы» жазылган.  

Ал эми Абдрахмановдун доо арызын кароону Биринчи Май райондук соту 19-июнга белгилеген.   

Көңүл бурчу жагдайлар:

  • Сагынбек Абдрахманов Юстиция министрлигине тапшырган документтерде партиянын мөөрү болгон эмес. Бирок бул министрликке бирдиктүү реестрде Сагынбек Абдрахмановду жаңы жетекчи катары дароо (мыйзам тарабынан каралган 7 жумушчу күндү күтпөстөн) каттап коюуга тоскоол болгон жок. Мекеме кызматкерлери өз ишин мыйзамдуу деп аташты.
  • Бир айга жетпеген убакытта дал ушундай эле документтер (бул ирет мөөрү менен) Юстиция министрлигине Асель Кодуранованын атынан келди. Бирок, аны карап чыгууга мыйзамда каралган 7 жумушчу күн аздык кылды. 8-күнү гана Биринчи Май райондук сотунун Аныктамасын бетке кармап, бирдиктүү реестрге өзгөртүү киргизе албай тургандыктарын билдиришти.
  • Сагынбек Абдрахмановду «КСДПнын мыйзамдуу шайланган жетекчиси» деп алдын-ала чечим чыгарып койгон Биринчи Май райсотунун судьясы К. Исаева Алмазбек Атамбаевдин убагында камалып, экс-президентке тиш кайрап жүргөн Канат Исаевдин карындашы болуп чыкты.  Канат Исаев - экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууну демилгелеп чыккандардын бири.