25.02.2019 16:01

Сахалиндин түндүгүндө кыргыз жараны чатырдан учуп, каза тапты

Сахалиндин түндүгүндө кыргыз жараны чатырдан учуп,  каза тапты

Сахалиндин түндүгүндө кыргыз жараны кырсыктап каза тапты. Маркум Россияда чатыр жапкыч болуп иштеп жүргөн. Бул туурасында skr.su сайты жазып чыкты. 

Каргашалуу окуя 21-февралда күндүн экинчи жарымында Александровск-Сахалинде болуп өткөн. Беш кабаттуу үйдүн чатырын оңдоп жаткан 41 жаштагы кыргыз жараны чатырдан учуп кетип, жеринде каза тапкан.

Учурда бул иш боюнча Тергөө комитети кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүүдө. Андан сырткары, маркумга чатырды оңдоо тапшырмасын ким бергени такталып жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен коопсуздук эрежелерин бузуу болгон-болбогону айтылат.