Саламаттык сактоо министри: Кыргыз-түрк достугу ооруканасы биздин дарыгерлерге үлгү болот

Саламаттык сактоо министри:  Кыргыз-түрк достугу ооруканасы биздин дарыгерлерге  үлгү болот

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кыргыз-түрк достугу ооруканасы алдыда кандай иш жүргүзөөрү тууралуу айтып берди. Мекеме башчынын сөздөрүн басма сөз борборунун консультанты  Елена Баялинова таратты.

Саламаттыкты сактоо министринин айтымында, ал Түркиядагы кесиптеши менен жолугуп, Бишкектеги кыргыз-түрк достугу ооруканасы тууралуу сүйлөшүп келди. 

«Бул жогорку технологиялар менен жабдылган 3-деңгээлдеги мамлекеттик оорукана болот. Курулуш иштери аяктаган, учурда жабдыктарды ташып келүү жүрүүдө. Оорукананы заманбап техникалар менен жабдып жатабыз. Аны биз өзүбүздүн башкы врачтарыбызга келечекте өлкөдөгү ооруканаларыбыз ушундай болушу керек деп, үлгү катары көрсөтөбүз», -деди министр. 

Анын айтымында, оорукананы 3 жыл бою түрк тарап каржылайт. «Оорукананын жетекчилиги түрк тараптан дайындалат, орун басары Кыргызстандан болот. Башкы дарыгер -Түркиядан, орун басары - Кыргызстандан. 3 жыл аралыгында түрк өнөктөштөрүбүз каржылоо менен гана чектелбей, биздин дарыгерлерге заманбап оорукананы башкарууну үйрөтүшөт.  Ооруканада өзүнүн лабораториясы, заманбап жабдуулары, өзүнүн жобосу болуп, каржылык жактан да автономдуу болот.  Эки тараптан тең адистер конкурстун негизинде ишке тартылат. Эгер биздин саламаттыкты сактоо тармагын карай турган болсок - биз аябай эле артта калдык», -деп билдирген Чолпонбаев.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк достугу ооруканасы Фучик көчөсүндөгү №1 Шаардык клиникалык оорукананын аймагында жайгашкан.