Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 гемодиализ аппараты берилди

Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 гемодиализ аппараты берилди

КР Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 гемодиализ аппараты берилди. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул аппараттарды «Фрезениус» немец компаниясы бекер берип, алардын үчөө дароо Каракол шаарына жөнөтүлдү. Дагы экөө Талас облусттук бириккен ооруканасына жөнөтүлмөкчү. 

«Учурда гемодиализге кезек күткөндөр жок. Бир нече жаңы бейтаптар кошулду, бирок, жакын арада алардын да көйгөйү чечилет. Быйылкы жылдын  октябрында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында «Фрезениус»  компаниясы Кыргызстанда заманбап гемодиализ борборун ишке берүүсү күтүлүүдө. Ал иштеп калса, бир учурда  280ден ашык бейтапты жайгаштырууга шарт түзүлөт.  Азыркы күнү өлкө боюнча 600дөй  адам бекер гемодиализ алып жатса, 600дөн ашык бейтап ММКФ аркылуу арзандатылган кызмат көрсөтүүдөн колдонуп жатат», -дейт министрлик.